"Илимпиа" — бул окуучулар арасында кыргыз тилин жана маданиятын жайылтууну максат кылган жана жаштарды шыктандырууга багытталган сынак. Ар кандай курактагы жаштарга ачык болгон "Илимпиа" кызыктуу суроолор аркылуу интеллектуалдык кызыгууну, сынчыл- ой жүгүртүүнү жана академиялык ишенимдүүлүктү өстүрөт. "Кыргыз тилинде сүйлө жана кыргыз маданиятын дүйнөгө жайылт!" ураанын колдоп, "Илимпиа" окуучуларды өздөрүнүн тилдик мурасын изилдөөгө, изилдөө жөндөмдөрүн жакшыртууга жана билимдерин кеңейтүүгө чакырат.
Кыргыз тилине, адабиятына жана маданий мурастарына көңүл буруп, "Илимпиa" окуучуларга өздөрүнүн интеллектуалдык жактан өсүшүнө, жаңы идеяларды бөлүшүүгө жана маданий таанымдарын терең түшүнүүгө эң мыкты мүмкүнчүлүктү түзөт. Бул атаандаштык билим алууну, идеяларды билдирүүнү жана маанилүү талкууларга катышууну каалаган ар бир окуучу үчүн эң уникалдуу платформа болуп саналат!"
Кыргыз тилин жана маданиятын даңазалоо – келечек муун үчүн руханий байлыкты сактоо жана өнүктүрүү!
Кыргыз тили жана маданиятын жайылтуу аркылуу жаштардын ой жүгүртүүсүн күчөтүү жана кеңейтүү, тилдик жана маданий мурастын өнүгүүсүнө шарт түзүү.
Окуучуларга, кыргыз тили жана маданияты менен байланышын чыңдоо, баалоо жана изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү динамикалуу жана кызыктуу платформаны түзүү, маанилүү атаандаштыктар жана үйрөнүү тажрыйбалары аркылуу алардын билимдерин өркүндөтүү.